Чүйдө менчикке өтүп кеткен мектептин имараты мамлекетке кайтарылды

Мектеп 1992-жылы Шопоков айыл чарба кооперативи тарабынан менчиктештирилип, мамлекетке эми кайтарылып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Чүй облусунун Сокулук районундагы менчикке өтүп кеткен Гаврилов мектебинин имараты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын наркы 255,6 миллион сомго бааланып, аянты 18 миң 060 чарчым метрди түзөт.
1 / 6

Чүй облусунун Сокулук районундагы менчикке өтүп кеткен Гаврилов мектебинин имараты мамлекетке кайтарылды.

2 / 6

Анын наркы 255,6 миллион сомго бааланып, аянты 18 миң 060 чарчым метрди түзөт.

3 / 6

Атайын кызматтын билдиргенине караганда, мектепти 1992-жылы Шопоков айыл чарба кооперативи менчиктештирип алган.

4 / 6

Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлиги 2006-жылы 12,5 миллион сомго мектепти сатып алган.

5 / 6

Бирок кооператив акчаны алып, мектептин имаратын ушул кезге чейин мамлекеттин менчигине кайтарган эмес", — деп айтылат маалыматта.

6 / 6

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында окуу жай мамлекеттин балансына өттү.

Атайын кызматтын билдиргенине караганда, мектепти 1992-жылы Шопоков айыл чарба кооперативи менчиктештирип алган.
"Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлиги 2006-жылы 12,5 миллион сомго мектепти сатып алган. Бирок кооператив акчаны алып, мектептин имаратын ушул кезге чейин мамлекеттин менчигине кайтарган эмес", — деп айтылат маалыматта.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында окуу жай мамлекеттин балансына өттү.
Токмокто мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакчанын имараты кайтарылды