Кыргызстандык окуучулар орус тили боюнча олимпиадага катыша алат

Sputnik
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Кыргызстандыктар Чет элдик окуучулардын орус тили боюнча эл аралык олимпиадасына катыша алат. Бул тууралуу А.Пушкин атындагы Мамлекеттик орус тили институту (Россия) кабарлады.
Учурда арыздарды кабыл алуу башталды. Ага чет элдик мектептердин жогорку класстарынын окуучулары, ошондой эле 14-18 жаштагы жеке катышуучулар чакырылат.
Белгилей кетчү жагдай, Россиянын жарандыгы бар же ага арыз берген адамдар катыша албайт.
Каалоочулар "Образование на русском" порталына катталып же логин менен кирип, 22-сентябрь күнү саат 23:59га чейин (Москва убактысы боюнча) катышуучунун формасын толтурушу керек.
Тандоо туру жана жарым финал аралыктан өтөт. Ал эми финалдык бөлүк 30-октябрдан 3-ноябрга чейин Москвада болот. Уюштуруу комитети финалга чыккандардын жол киресин, жатаканасын жана тамак-ашын каржылайт. Ошондой эле алар үчүн маданий программа уюштурулат.
Толук маалымат олимпиаданын сайтында берилген.
Кыргызстандык окуучулар эки сабактан эл аралык олимпиадага катыша алат