Кыргыз азык-түлүктөрү Москвадагы эл аралык көргөзмөгө чыгарылды

Көргөзмөгө экспортко багыт алган 15 кыргыз компаниясы катышып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Кыргыз азык-түлүктөрү Москва шаарында өтүп жаткан World Food Moscow эл аралык көргөзмөсүнө чыгарылды. Бул тууралуу Россиядагы элчиликтен билдиришти.
1 / 3

Кыргыз азык-түлүктөрү Москва шаарында өтүп жаткан World Food Moscow эл аралык көргөзмөсүнө чыгарылды.

2 / 3

Аталган иш-чара 17-сентябрда башталган, 20-сентябрга чейин уланат.

3 / 3

Көргөзмөгө экспортко багыт алган 15 кыргыз компаниясы катышып жатканы белгиленди.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чара 17-сентябрда башталган, 20-сентябрга чейин уланат.
Көргөзмөгө экспортко багыт алган 15 кыргыз компаниясы катышып жатканы белгиленди. Анын жүрүшүндө экспортту өрчүтүү максатында ишкерлер жана россиялык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуулар уюштурулганы кошумчаланды.
Өлкөнүн айыл чарбасы боюнча бийликтин келечек планы жарыяланды