Миллион сом насыясын жоет. Өкмөттүн дыйкандарды кооперативге бириктирүү планы

Атайын талаптарды аткарган фермерлердин насыясы жоюла турган программа иштелип чыкканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. 2030-жылга чейин майда дыйкан-фермердик чарбаларды 424 кооперативге бириктирүү пландалууда. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди.
Анын айтымында жеке, чакан, майда чарбаларды ирилештирүү багытында кооперативдерди түзүү саясаты иштелип чыккан.
"Кооперация боюнча негизги талап ири товардык өндүрүштү өркүндөтүү жана ирилештирүү процессин стимулдаштыруу болуп саналат. Учурда бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо маселесин колдоо катары кимдин бир миллион сомго чейин насыясы болсо мамлекет жоюп бере турган программа иштелип чыгууда. Бирок жөн эле жоюп бербейт. Ал үчүн атайын шарт, талаптар бар. Жеке майда, чакан чарбалар кооперативдерге биригиши милдет. Тамчылатып сугаруу системасына өтүшү абзел. Анан эмнени эгем, өндүргөн товарымды кайда сатам деген так планы, келишими болушу шарт. Ушундай саясаттын негизинде мамлекет тарабынан каржылык көмөк, колдоо көрсөтүлөт. Өздөштүрүү үчүн кунарсыз жерлер жеңилдетилген шартта берилет", — деди Төрөбаев.
Министр ушундай жол менен майда дыйкан-фермердик чарбаларды 2030-жылга чейин 424 кооперативге бириктирүү пландалып жатканын белгиледи.
Учурда 741 айыл чарба кооперативи бар. Аларга 53 миң 127 гектар жер бөлүнүп, жалпы 49,42 миллион сом жеңилдетилген кредит берилгени кошумчаланды.
Өлкөнүн айыл чарбасы боюнча бийликтин келечек планы жарыяланды