Өлкөдө жыл сайын "40 райондон 40 китеп" адабий сынагы өткөрүлөт

Сынак чыгармачылыкка дем берүү жана өлкөнүн интеллектуалдык потенциалын чыңдоо үчүн шарт түзүү максатында иштелип чыкканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Өлкөдө жыл сайын "40 райондон 40 китеп" адабий сынагы өткөрүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин тескемесинде айтылган.
Ага ылайык, тиешелүү жобо чыгармачылыкка дем берүү жана интеллектуалдык потенциалды чыңдоо үчүн шарт түзүү максатында иштелип чыккан.
"Жобо конкурсту өткөрүүнүн шартын жана тартибин аныктап, региондордогу авторлордун чыгармаларын баалоодо келип чыгуучу укуктук жана уюштуруу мамилелерин жөнгө салат. Конкурстун негизги максаты кыргыз тилин жана улуттук маданиятты сүйүүгө тарбиялоону пропагандалаган жана жазган таланттуу авторлорду табуу, чыгармачылыкты илгерилетүү болуп саналат", — деп жазылган маалыматта.
Кыргызпатентке жыл сайын атайын каражат боюнча чыгымдардын сметасында конкурсту уюштурууга жана авторлордун буга чейин чыгармаларын басып чыгарууга (тандалып алынган бир чыгармага 200 нускага чейинки тираж) каражат кароо тапшырылды.
Радио
Омокеев: адабий курска жогорку билими барлар кабыл алынат