Ысык-Көлдө КМШнын чек арачылары командалык-штабдык машыгуу өткөрүштү

Sputnik
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында КМШ өлкөлөрүнүн чек ара ведомстволорунун биргелешкен командалык-штабдык машыгуусу өттү. Бул тууралуу Чек ара аскерлеринин командачыларынын кеңешинин координациялык кызматы билдирди.
1 / 3

Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында КМШ өлкөлөрүнүн чек ара ведомстволорунун биргелешкен командалык-штабдык машыгуусу өттү

2 / 3

Иш-чарага Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россиянын чек ара ведомстволорунун жана координациялык кызматынын делегациялары катышты

3 / 3

Өздүк курам тылдагы диспетчердик борбордо ишти уюштуруу, документтерди даярдоо, оперативдүү-тактикалык эсептөөлөрдү жүргүзүү, ошондой эле өз ара кызматташууну жана башкарууну уюштуруу боюнча практикадан өтүштү

Иш-чарага Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россиянын чек ара ведомстволорунун жана координациялык кызматынын делегациялары катышты.
“Өздүк курам тылдагы диспетчердик борбордо ишти уюштуруу, документтерди даярдоо, оперативдүү-тактикалык эсептөөлөрдү жүргүзүү, ошондой эле өз ара кызматташууну жана башкарууну уюштуруу боюнча практикадан өтүштү”, — деп айтылат маалыматта.
ШКУнун Регионалдык терроризмге каршы түзүмдүк кеңеши Кыргызстанда өтөт