Кара-Көлдүн экс-мэри элди суусуз калтырган деп кармалды

Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды жана келтирилген зыянды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарынын Е.И.М. аттуу экс-мэри бир нече кылмышка шектелип кармалганын УКМК кабарлады.
Маалыматта мурунку аткаминер Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунда ("Ишенип берилген мүлктү өзгөчө ири өлчөмдө ыйгарып алуу жана коротуу") каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон иштин алкагында колго түшүрүлгөнү айтылат.
"Шаардык мэриянын кызматкерлери Токтогул районунун Үч-Терек айылынан Кара-Көл шаарынын Кетмен-Төбө айылына чейинки узундугу 10 чакырымдан ашык суу түтүк тармагын куруу боюнча "К.Б." ЖЧКсы менен атайылап пайдасыз келишим түзүшкөнү аныкталган. Натыйжада мурунку түтүктөр демонтаждалып, сатылып кеткен. Ал эми жаңы тармакты куруу боюнча иштер сапатсыз аткарылып, мындан улам түтүктөр жараксыз болуп, Кетмен-Төбө айылынын тургундары 10 жылдан ашык убакыттан бери таза суу менен камсыздалбай калган", — дешти УКМКдан.
Мындан тышкары, E.И.M. Кара-Көл шаарынын мэри болуп иштеп турганда мыйзамсыз жол менен алынган мүлктү легалдаштырган деп шектелүүдө.
Учурда УКМК тарабынан кылмышка тиешеси бар башка адамдарды жана келтирилген зыянды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатканы кошумчаланды.
Бишкектин эки жол инспектору коррупцияга шектелип кармалды. Видео