"Бишкек жашыл чарба" Айтматов проспектиндеги эски дарактарды кыят

Sputnik
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. "Бишкек жашыл чарба" ишканасы Айтматов проспектинин боюндагы эски дарактардын ордуна башкасын отургузууну пландап жатат. Бул тууралуу ишкана башчысы Адилет Билимбек уулу билдирди.
Анын айтымында, даярдык иштер бүтсө бак-дарактар ноябрда отургузула баштайт.
"Айтматов проспектин бойлой өскөн (Ажыбек баатыр көчөсүнөн үйдө) эски бактарды жаңыга алмаштырууну көздөп жатабыз", — деген ал "Биринчи радионун" эфиринде.
Билимбек уулу азыр алардын балансында 210 миң түп бак-дарак бар экенин, негизги бөлүгү 1950-60-жылдары отургузулуп, 30 пайызы карыганын билдирди.
Ал эми ишкана өкүлү Жаныбек Жумалиев шаардан теректер жана карагайлар акырындык менен алынып жатканын айтты.
"Тажрыйба алмашуу үчүн Алматы менен Ташкентте болдук. Ал жакта да теректер кыркылып жатат. Анткени алар 35-40 жылда эле карыйт экен. Теректердин бүчүрүнөн чыккан пырлар көпчүлүктү аллергия да кылып жатат", — деген ал.
Садыр Жапаров шаардыктардан таштандыны кечкисин ыргытууну өтүндү