Радио

Балдар клиникалык ооруканасына былтыр 280 миң бейтап кайрылган

Бишкек шаардык №3 балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Данияр Шайбеков хирургиялык ооруларга чалдыккан балдардын саны көбөйүп жатканын айтты.
Sputnik
Балдар клиникалык ооруканасына былтыр 280 миңден ашык бейтап кайрылды. 2022-жылы бул көрсөткүч 170-180 миңдин тегерегинде болгонун Данияр Шайбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, балдар ооруканасына келгендердин 80 пайызы амбулатордук дарылануу алууга тийиш, алар үй-бүлөлүк дарыгерге же жергиликтүү поликлиникага кайрылышы зарыл.
"Балдар хирургу болуп №3 балдар клиникалык ооруканасында иштегениме 30 жылдай болду. Ооруканага кайрылгандардын саны жылдан-жылга өсүп келе жатат. Мисалы, былтыр эле бизге 280 миңден ашык бейтап кайрылды. 2022-жылы бул көрсөткүч 170-180 миңдин тегерегинде болчу. Быйыл андан да көп болушу мүмкүн. Тилекке каршы, келгендердин көбү амбулатордук кароого тийиш. Алар негизи үй-бүлөлүк дарыгерге же жергиликтүү поликлиникага кайрылышы абзел. Балдардын оорулары чынында көбөйдү. Штаттык бирдик да көбөйүп, айлыктары учурга ыңгайлуу болсо көп адистерди өзүбүздө сактап калат элек", — деди Шайбеков.
Ошондой эле ал республика аймагында балдар хирургу жетишпей турганын, медицинада кадр маселесине көп көңүл бурулушу керектигин кошумчалады.