Небензя: АКШ Палестина маселесинде бурмаланган тарыхтын жетегинде баратат

Шаршемби күнү БУУнун Башкы ассамблеясы Палестина тарабынан сунушталган резолюциянын долбоору боюнча добуш берет.
Sputnik
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Россия эл аралык коомчулукту АКШга палестин-израиль маселесинде Вашингтон шериктери менен "тарыхтын туура эмес тарабында" турганы тууралуу чоң коңгуроо кагууга чакырат. Бул тууралуу РФтин БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя Башкы ассамблеянын жыйынында сүйлөп жатып билдиргенин РИА Новости жазды.
"Келгиле, баарыбыз биригип Вашингтонго шериктери менен тарыхтын туура эмес тарабында турганын айтып белги берели. Палестинага байланышкан долбоор боюнча добуш берүү алдында турабыз, бул аталган багыттагы маанилүү кадам болот", — деди Небензя.
Дипломат Палестина менен Израилдин ортосундагы кырдаал курчуп жаткан маалда Вашингтон вето укугун беш ирет пайдаланып жибергенин белгиледи.
"Америкалык колдоо Израилге Газа менен Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги кылмыштары үчүн жазасыз калууга, Коопсуздук кеңешинин реакциясынан кыйгап өтүүгө негиз берип жатат. Анткени Израилге жакпаган документке дайым АКШ тарабынан вето коюлуп келүүдө", — деди Небензя.
Шаршемби күнү БУУнун Башкы ассамблеясы Палестина тарабынан сунушталган резолюциянын долбоору боюнча добуш берет. Анда Израилге БУУ Эл аралык сотунун Палестинанын оккупацияланган территориялары боюнча жана "бул жерлерде мыйзамсыз жүрүүсүн токтотуу" талабы каралган. Долбоорго ылайык, Израиль "аталган резолюция кабыл алынгандан кийин 12 айдан ашпаган мөөнөттө аймактан чыгып кетиши керек".
Башкы ассамблеянын резолюциясы БУУнун Коопсуздук кеңешинин документинен айырмаланып аны аткарууга милдеттендирген юридикалык күчкө ээ эмес.
Израилдин Газага соккусунан каза болгондордун саны 41 миңден ашты