19-сентябрга карата аба ырайы

19-сентябрга караган түнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Бейшембиде жамгыр жаабайт, күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +23...+28, Талас аймагында +19...+24, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +25...+30, Ысык-Көл жергесинде +19…+24, Нарын өрөөнүндө +20...+25 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +26…+28, Ош шаарында +28...+30 градуска көтөрүлөт.
Өлкөнүн айыл чарбасы боюнча бийликтин келечек планы жарыяланды