Садыр Жапаров: Борбор Азияда өнүгүү үчүн бардык шарт бар

Өлкө башчысы Бишкек шаарында энергия менен ресурс үнөмдөөчү технологияларды ишке киргизүү боюнча аймактык борбор түзүүнү сунуштады.
Sputnik
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Борбор Азия чөлкөмүндө өнүгүү үчүн бардык шарттар бар. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Астанада өтүп жаткан "Борбор Азия — Германия" саммитинде билдирди.
Өлкө башчы Борбор Азия жаратылыш ресурстарына, анын ичинде сууга, металлдын бардык түрлөрүнө, "жашыл" энергетикага, эмгекчил жана жогорку билимдүү адамдарга бай экенин белгиледи.
"Глобалдашуу шартында климаттык өзгөрүүлөргө өзгөчө көңүл буруу зарыл. Борбор Азияда абанын орточо температурасы Жер шарынын башка аймактарына салыштырмалуу тездик менен жогорулап жатат", — деди Жапаров.
Ал белгилегендей, региондун тоолуу экосистемасы климаттын өзгөрүшүнөн улам зыян тартып жатат. Мисалы, соңку 70 жылдын ичинде Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн аянты 16 пайызга кыскарган. Ал эми кылымдын соңунда өлкө мөңгүнүн 80 пайыздан ашыгын жоготуп алышы мүмкүн.
"Бул нерсе региондо суунун тартыштыгын жаратышы мүмкүн", — деди Жапаров.
Президент Германия дагы климаттын өзгөрүшүнө чоң көңүл буруп жатканын кошумчалады. Ал немец тарап менен биргеликте Бишкек шаарында энергия менен ресурс үнөмдөөчү технологияларды ишке киргизүү боюнча аймактык борбор түзүүнү сунуштады.
Садыр Жапаров Германиянын канцлери Олаф Шольц менен Казакстанда жолугушту