Самара шаарында консулдук кызматтарды көрсөткөн тейлөө борбору ачылды

Борборго документтерди тапшыруу үчүн акы төлөнөрү белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Россиянын Самара шаарында консулдук кызматтарды көрсөткөн тейлөө борбору ачылды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган тейлөө борбору сынамык иретинде киргизилип, Москва убактысы боюнча саат 09:00дөн 17:00гө чейин иштейт. Бул борборго документтерди тапшыруу үчүн акы төлөнөрү белгиленди.
Мекендештер ал жерден төмөнкүдөй документтерди алса болот:
мөөнөтү бүтүп калган, жоготкон же бузулган ID-карта, жалпы жарандык паспорт жана айдоочулук күбөлүк;
Кыргызстанга кайтып келүү үчүн маалым кат;
социалдык-укуктук документтер (нике тууралуу документ, КРде соттолбогондугу тууралуу маалым кат).
Борбордун дареги: Мичурин көчөсү, 78. Сурап-билүү номери: +7 (499) 648 91 53.
Кыргызстандын чет өлкөдөгү элчилик жана консулдуктары. Тизме