Радио

Кыргызстанда ревматологдордун жетишсиздигинен оору күчөп жатат

Врач-ревматолог Махабат Джетыбаева ревматологиялык оорулардын түрлөрүн жана анын ден соолукка тийгизген таасирин айтып берди.
Sputnik
Ревматизм менен ооругандар убагында дарыланбаса жүрөгүндө тешик пайда болот. Бул тууралуу Махабат Джетыбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган ооруга көбүнчө 7 жаштан 15 жашка чейинки балдар чалдыгат.
"Ревматизм оорусун жеңсе болот. Бул ооруга көбүнчө 7 жаштан 15 жашка чейинки балдар кабылат. Ревматизмге чалдыккан балдар маани бербей, убагында дарыланбай жүрө беришет. Кийин анда жүрөк кемтиги (порок сердца) пайда болот. Мунун кесепетинен жаштар жүрөгүнө операция жасатууда. Мындан тышкары, системалуу кызыл эритематоз деген ревматологиялык оору бар. Муну менен көбүнчө төрөйүн деп жаткан жаш келиндер ооруйт. Температура болуп, бездер чоңоёт, жөтөлөт, муундар шишип чыгат. Бирок буга дарыгерлер башка оорунун диагнозун коюп коюшат. Аягында майыптыкка кептелиши ыктымал. Ошондой эле ревматоиддик артрит, подагра көп кездешет. Подаграны калориялуу тамак-аштар козгойт. Эки-үч күн ооруп денеден тарап кеткендиктен бейтап билбей калышы мүмкүн. Бирок жегени өзгөргөндө кайра ооруйт. Аталган ооруларды учурунда дарыгерге кайрылып, алдын алса болот. Бирок бүгүнкү күндө ревматологдордун жетишсиздигинен улам бейтаптар так жана убагында консультация албай келишет. Кыргызстан боюнча жалпы 30дай эле ревматолог бар. Алар Бишкек менен Ош шаарында. Ал эми өлкөнүн башка аймактарында ревматологдордун штаты жок. Кардиолог, нефрологдор жана үй-бүлөлүк дарыгерлер ревматологиялык ооруларды аныктоодо колунан келген жардамын беришет. Бирок бул дагы ревматологиялык ооруларды убагында аныктап, убагында дарылоо үчүн жетишсиз болууда", — деди Джетыбаева.
Ал ошондой эле ревматологиялык оорулар медицинасы өнүккөн өлкөлөрдө катталбай калганын, илдет аныкталары менен бейтаптар дарыланарын кошумчалады.