Кремль RT жана "Россия сегодня" Меtа* тарабынан чектелгенине комментарий берди

Sputnik
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Кремль RT жана "Россия сегодня" телеканалдарынын аккаунттарынын Meta* тарабынан чектелишине терс көз карашта. Бул тууралуу Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды.
"Меtа* өзүн жаманатты кылууда. Россиялык маалымат каражаттарына каршы тандалма аракеттерге жол берилбеши керек. Мындай көрүнүш биздин Меtа* менен болгон мамилебиздин келечегин татаалдаштырат", — деди Песков.
Буга чейин NBC News телеканалы Россия Федерациясында экстремисттик деп таанылган Meta* компаниясы RT жана "Россия сегодня" медиатобунун баракчаларына бөгөт коё турганын билдирген. Алар мындай кадамга Американын Россияга каршы санкцияларынын алкагында барышууда.
* Meta (Facebook жана Instagram социалдык тармактары) Россияда экстремисттик деп тыюу салынган.
RT менен "Россия сегодня" кээ бир социалдык тармактарда чектөөгө кабылды