Жер тилкелерге берилген кызыл жана жашыл китептерди жоюу пландалууда

Сатыбалдиев санариптик документти киргизүү менен чыгымды азайтуу максаты дагы бар экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Өлкөдө жер тилкелердин кызыл жана жашыл китептерин жоюу пландалууда. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Асылбек Сатыбалдиев Жогорку Кеңештин комитетинде билдирди.
Анын айтымында, бул китептердин ордуна кадастрдык планды киргизүү мерчемделүүдө.
"Кызыл жана жашыл китептердин ордуна кадастрдык план берүү пландалууда. Айырмасы эмнеде", — деп сурады депутат Кубанычбек Самаков.
Сатыбалдиев кадастр планында QR-коду болуп, жер тилке тууралуу бардык маалыматты камтый турганын айтты.
"Ошол QR-коду менен жердин аянтын, түрүн, категориясын жана башка маалыматтарды көрсө болот. Учурда кызыл китептерди жасалмалашууда. Коррупциялык көрүнүштөр кездешүүдө, анын үстүнө андай китептерди даярдоодо чыгым көп болууда. Ошондуктан кадастрдык план киргизип, кызыл жана жашыл китептерди жоюуну пландап жатабыз", — деди Сатыбалдиев.
Кара-Сууда 351,5 млн. сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды