Сак болуңуз! Бир саат ичинде Бишкек жана Чүйдө катуу шамал болот

Жарандарга шамал учурунда электр чубалгыларынан, бак-дарактардан, жарнама такталарынан алыс, коопсуз жайларда болуу керектиги эскертилген.
Sputnik
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Бир саат ичинде Бишкек жана Чүйдө каттуу шамал болот. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин эскертүүсүндө айтылат.
"Жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаары менен Чүй өрөөнүндө батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле жарандарга шамал учурунда электр чубалгыларынан, бак-дарактардан, жарнама такталарынан алыс, коопсуз жайларда болушу керектиги эскертилген.
Кандайдыр бир кырдаалдын күбөсү болгондор 112 акысыз кызматына чалып билдирип кое алат.
17-сентябрга карата аба ырайы