Кыргызстандын долбоору дүйнөдөгү мыкты 20 санариптик демилгенин катарына кирди

Кыргызстан "Тынчтык" категориясында Польша, Катар, Сауд Арабиясы жана Бразилиянын долбоорлорун артта калтырып, биринчи орунду ээлеген.
Sputnik
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Төрөлгөн ымыркайларды каттаган маалыматтык системаларды интеграциялоо боюнча долбоор дүйнөдөгү 20 мыкты санариптик демилгенин катарына кирди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай чечим эл аралык SDG Digital Game Changers сынагынын жыйынтыгы боюнча белгилүү болгон.
"Аталган долбоор май айында башталып, Саламаттык сактоо министрлиги жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан активдүү колдоого алынган. Максаты — жаңы төрөлгөн балдарды толук документтештирүү. Эми ымыркай төрөлгөнү тууралуу маалымат төрөт үйлөрүнөн түздөн-түз Санариптик өнүктүрүү министрлигине түшүп, эгерде 60 күн ичинде ата-энелер туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу үчүн кайрылбаса социалдык кызматкерлер кабардар болуп, каттоодо жардам беришет. Долбоор ишке киргизилгенден бери өз убагында каттоого алынбаган 1 200 баланын 600ү туулгандыгы тууралуу күбөлүк алды, калгандары боюнча иштер уланууда", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик сынакка катышуу үчүн августта арыз берген. Кыргызстандын долбоору 1 180 демилгенин арасынан тандап алынды. Республика "Тынчтык" категориясында Польша, Катар, Сауд Арабиясы жана Бразилия долбоорлорун артта калтырып, биринчи орунду ээледи (https://www.itu.int/initiatives/sdgdigital2024/award/peace/).
Сыйлык тапшыруу аземи 20-21-сентябрда Нью-Йоркто өтөт.
Эске салсак, буга чейин балдарга төрөлөрү менен идентификациялык жеке номерди ыйгаруу сунушталган болчу.
Жыл башынан бери 100 миңдей балага сүйүнчү берилди