Садыр Жапаров Германиянын канцлери Олаф Шольц менен Казакстанда жолугушту

Жолугушуу өлкө башчынын 17-сентябрда Казакстанга жасаган иш сапарынын алкагында өткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Германиянын канцлери Олаф Шольц менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Анда кыргыз-герман күн тартибинин саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы актуалдуу маселелери талкууланганы айтылды.
"Садыр Жапаров Кыргызстандын башкы милдеттеринин бири чет элдик инвестицияларды тартуу жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөө экенин белгиледи. Бул багытта Германия кыргыз тарап үчүн маанилүү өнөктөш болуп саналат. Кыргызстан германиялык компаниялардын өлкөгө алып келе турган тажрыйбасын жана билимин жогору баалайт. Өз кезегинде кыргыз тарап германиялык инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды, анын ичинде салык жеңилдиктерин жана инвесторлордун укуктарын коргоону камсыз кылууга даяр", —деп жазылган маалыматта.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-герман мамилелерин бекемдөө жана өнүктүрүүнү макулдашканы кошумчаланды.
Аскердик күчү жагынан Россиянын жеңилбеси анык. Токаев Шольц менен жолукту