Анкара мэриясы Бишкектеги Ататүрк паркын реконструкциялоого макул болду

Жолугушууда Анкара менен Бишкек шаарларынын ортосундагы алака талкууланды.
Sputnik
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Анкара мэриясы Бишкектеги Ататүрк сейил багын реконструкциялап берет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 16-сентябрда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Анкара шаарынын мэри Мансур Яваш менен жолугушкан. Анда тараптар муниципалитет делегациясынын июлда Бишкекке жасаган иш сапарынын жыйынтыгын талкуулашты.
"Элчи Казакбаев Ататүрк паркын реконструкциялоо долбоорлоруна, мэриялардын ортосунда тажрыйба алмашуу программасын жана "Бишкек наабайкана" муниципалдык ишканасынын жабдууларын модернизациялоого өзгөчө көңүл бурду", — деп айтылат маалыматта.
Мансур Яваш Ататүрк паркын реконструкциялоо долбоору боюнча шаардык кеңештин макулдугун алганын айтты.
Жыйынтыгында Бишкек мэринин Анкарага иш сапарын уюштуруу макулдашылганы айтылды.
Жылуулук менен камсыздоочу "Бишкексельмашты" түрк компаниясы курат