Камчыбек Ташиев атайын кызматтын мурдагы жетекчилери менен жолукту

Жолугушууга атайын кызматтын экс-төрагалары, генерал наамындагы мурунку орун басарлар чакырылган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлерине күбөлүктөрдү тапшырды. Бул тууралуу атайын кызматтан кабарлашты.
Жолугушууга экс-төрагалар, ошондой эле генерал наамындагы мурунку орун басарлар чакырылган. Алардын арасында Таштемир Айтбаев, Феликс Кулов, Бусурманкул Табалдиев, Шамил Атаханов, Болот Жанузаков, Турдубек Алмаматов, Мирослав Ниязов жана башкалар бар.
"Жолугушуунун жүрүшүндө Камчыбек Ташиев өлкөнүн коопсуздугун жана мамлекеттеги туруктуулукту камсыз кылуу боюнча күч органдары тарабынан көрүлүп жаткан чаралар боюнча айтып берди. Ошондой эле улуттук, регионалдык жана глобалдык коопсуздукту камсыз кылуунун актуалдуу көйгөйлөрү, өлкөнүн ички жана тышкы коопсуздугун камсыз кылуу боюнча улуттук атайын кызматтардын алдында турган милдеттер талкууланды", — деп айтылат маалыматта.
Ардагерлер коопсуздук жаатында көрүлүп жаткан аракеттерге колдоо көрсөтөрүн белгилешкен.
Алдыдагы шайлоолорго "Ата-Журт" партиясы катышпайт. Ташиев себебин түшүндүрдү