БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Айыл башчы үчүн квалификациялык талаптар жана критерийлер аныкталууда. Тийиштүү жобону Мамлекеттик кадр кызматы иштеп чыгып, коомдук талкууга жайгаштырды.
Анда административдик-аймактык реформанын алкагында бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилгени белгиленген. Ага ылайык, айыл өкмөт башчысынын чечими менен өзүнчө жайгашкан калктуу конуштардагы маселелерди чечүү максатында келишимдин негизинде айыл башчы жалдап алышы мүмкүн. Ошондой эле айыл башчынын милдеттери жана функциялары айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан аныкталары белгиленген.
"Административдик-аймактык реформанын алкагында айыл өкмөтүнүн аппараты кыскаргандыктан айыл башчы, тиешелүү айылда/айылдарда маселелерди комплекстүү чече турган негизги фигура болот. Ушундан улам республика боюнча айыл башчы кызмат ордуна талапкерлерге негизинен бирдей квалификациялык талаптарды, критерийлерди жана милдеттерди иштеп чыгуу зарылчылыгы келип чыкты", — деп жазылат негиздемеде.
Жободогу урунттуу учурлар:
айыл башчы 5 жылдан көп эмес убакытка жалданып алынат;
21 жаштан жогору же 18-70 жаштагы кыргыз жараны айыл башчы боло алат (эки вариант сунушталууда);
мамлекеттик, расмий тилди жетиштүү деңгээлде билип, компьютердик техниканы эркин колдонушу зарыл.
Төмөнкүлөр айыл башчы боло албайт:
соттуулугу барлар;
сот тарабынан иштей албайт (аракетке жөндөмсүз) деп табылгандар;
уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп табылгандардын жакын туугандары.