БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине сентябрда 59 ишкана киргизилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, натыйжада реестрге кирген жалпы ишканалардын саны 413кө жетти.
Учурда ЕАЭБдин реестрине катталгандар:
сүт азыктарын өндүрүү — 44;
бал өндүрүү жана сатуу — 68;
балык өстүрүү, кайра иштетүү — 44;
эт азыктарын өндүрүү — 21;
улуттук сүт азыктарын өндүрүү — 3;
мал союучу ишканалар — 11;
тирүү малды өстүрүү, көбөйтүү жана сатуу — 35;
канаттууларды кайра иштетүүчү ишканалар — 10;
жаныбарлар үчүн тоют өндүрүү — 23;
жаныбарлардан алынган азыктарды сактоо жана сатуу — 139;
жаныбарлардан алынган сырьелорду кайра иштетүү (ичеги, жүн, тери) — 14;
ветеринардык препараттарды сактоо жана сатуу — 1.
Мындан тышкары, Кытайдын реестринде — 24, Өзбекстандыкында – 43, Түркияныкына 12 ишкана киргени кошумчаланды.