Баткенде кыргыз-тажик чек арасын тактап жаткан топтор жолугушту

Жолугушуу достук маанайда өткөнү, эмкиси Тажикстанда болору айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Баткенде кыргыз-тажик чек арасын тактап жаткан өкмөттүк топтор жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинети кабарлады.
Баткенде кыргыз-тажик чек арасын тактап жаткан өкмөттүк топтор жолугушту
Маалыматка ылайык, 11-сентябрдан 17-сентябрга чейин өткөн жолугушууга кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын укуктук маселелер боюнча адистери жана топографиялык жумушчу топтору катышкан.
"Бул жолугушуунун алкагында тараптар калган тилкелерде кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүшүн сыпаттоо боюнча сунуштар менен алмашышты. Иш Тажикстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда улантылат", — деп айтылат маалыматта.
Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында өткөнү кошумчаланды.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Кең-Сай", "Үч-Коргон" өткөрүү бекеттери ачылды