ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген инвестиция өлкө ичинде кандай бөлүштүрүлгөн

Өткөн жыл ичинде интеграциялык биримдикке кирген өлкөлөрдөн Кыргызстанга 263 миллион доллардан ашык каражат келген.
Sputnik
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Өткөн жылы ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген чет элдик түз инвестициялар негизинен Бишкекке берилген. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
2023-жыл аралыгында интеграциялык биримдикке кирген мамлекеттерден кеминде 263,5 миллион доллар каражат келген.
Россиядан 159,8 миллион доллар келген, ал Кыргызстандын аймактарына төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:
Талас облусу — 91 миллион доллар;
Бишкек — 63,9 миллион доллар;
Чүй облусу — 2,9 миллион доллар;
Ош шаары —1,5 миллион доллар;
Ысык-Көл облусу — 0,3 миллион доллар;
Ош жана Жалал-Абад облусу — 0,1 миллион доллардан.
Казакстандан 101,3 миллион доллар инвестиция келген. Аймактарга төмөнкүдөй бөлүнгөн:
Бишкек — 55,3 миллион доллар;
Жалал-Абад облусу — 39,2 миллион доллар;
Чүй облусу — 6,8 миллион доллар.
Беларустан 2,4 миллион доллар берилген, ал эки шаарга бөлүштүрүлгөн:
Бишкек — 1,3 миллион доллар;
Ош — 1,1 миллион доллар.
Кыргызстанга ЕАЭБ өлкөлөрүнөн 4 жылда 838 млн. доллар түз инвестиция кирген