Forbes: Эллисон Безостон озуп дүйнөдөгү байлардын экинчи сабына чыкты

Биринчи орунда мурдагысындай эле 251,1 миллиард доллары менен Илон Маск турат.
Sputnik
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Программалык камсыздоо боюнча адистешкен дүйнөлүк Oracle Corporation компаниясынын башкаруучулар кеңешинин төрагасы жана башкы техникалык директору Ларри Эллисон ааламдагы эң бай адамдар боюнча түзүлгөн Forbes рейтингинин экинчи тепкичине көтөрүлдү. РИА Новости ал Amazon ээси өтө бай Жефф Безостон ашып кеткенин жазды.
Forbes Real-Time Billionaires берген маалыматка караганда, Эллисондун байлыгы бир сутка ичинде 9,4 миллиард долларга көбөйүп, баш-аягы 207,1 миллиардга жеткен.
Жефф Безос жогорудагы рейтингдин үчүнчү баскычына түштү. Тагыраагы, акчасы 1,5 миллиард долларга азайып, 202,9 миллиард болгон. Биринчи орунда мурдагысындай эле 251,1 миллиард доллары менен Илон Маск турат.
Oracle акциялары катары беш ирет, тагыраагы, 21,5 пайызга өскөн. Өткөн аптада компания 2024-2025-жылдын I кварталы боюнча финансылык отчетун жарыялаган. Ал аналитиктер күткөндөн да жакшы болгонун айтышты. Көрсөткүч Эллисонду жогоруда айтылган экинчи тепкичке көтөрдү.
Oracle 1977-жылы түптөлгөн, штаб-квартирасы Остин шаарында (Техас штаты). Бул — программалык камсыздоо боюнча адистешкен дүйнөдөгү эң ири компаниялардын бири.
Роналду жылдын эң бай спортчусу аталды. Бир жылдык кирешеси