Радио

Бишкекте автобустардын айдоочулары эми бирдей форма киет

"Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Талант Капаров борбор калаадагы коомдук транспортто тейлөөнүн сапатын жакшыртуу үчүн аракеттер көрүлүп жатканын айтты.
Sputnik
Бишкек шаарындагы автобус, троллейбустардын айдоочуларына бирдей форма берилет. Бул тууралуу Талант Капаров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында айдоочуларга атайын формалар мамлекеттин эсебинен тигилип жатат.
"Рейд учурунда троллейбус, автобустардын тазалагын, накталай эмес төлөмгө түзүлгөн шартты, аялдамаларга кандай токтоп жатканын текшеребиз. Эгер туура эмес токтосо ошол жерден эле видеого тартып, тартиптик комиссияга беребиз. Эреже бузган айдоочуларга премиядан ажыратуу, айлыгын кыскартуу, эскертүү, сөгүш берүү сыяктуу жазалар колдонулат. Айдоочунун өзүнүн келбетине дагы өзгөчө көңүл бурулат. Азыр 2 600 айдоочунун баарына бирдей кийим тиктирип берип жатабыз. Бирдиктүү форма десек болот. Ак жана көк көйнөк, ошондой эле көк түстөгү шым, галстук берилет. Ак көйнөк майрам күндөрү, көк көйнөк башка күндөрү кийилет. Бирдиктүү форманы ишкана өзүнүн эсебинен тиктирип берип жатат. Мунун баары иретке келтирүү, тейлөөнү күчөтүү, айдоочулардын келбетин жакшыртуу максатында жүргүзүлүүдө", — деди Капаров.
Ошондой эле ар бир автобустук базаларга заманбап автоматташкан унаа жуучу аппараттар коюлганын, алар бир мүнөттө бир автобусту жууп бүтөрүн кошумчалады.