Бишкек — Ош жолунда айдоочусу жок фура дарыяга түшүп кеткен. Видео

Жолдо бараткан фура. Иллюстративдик сүрөт. Архивдик сүрөт
Sputnik
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунда айдоочусу жок фура ордунан жылып дарыяга түшүп кеткен. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.
Маалыматка караганда, жүк ташуучу транспорт көпүрөнү сүзүп токтогон.
"Окуя 15-сентябрь күнү болгон. Айдоочу шериги менен Оштон Бишкекке келе жаткан. Төө-Ашуудан түшкөндөн кийин алар тамактануу үчүн токтошкон. Ашканадан чыкканда машинаны ордунан таппай калышкан. Дароо издөө салып, натыйжада фура дарыядагы көпүрөнү сүзүп токтоп калганын көрүшкөн", — деди милиция.
Кийин маалым болгондой, айдоочу жүк ташуучу транспортту кол тормозго койбой кетип калгандыктан транспорт эңкейиштен жылып кеткен. Бактыга жараша, кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.
Бишкекте бетон аралаштыргыч машина менен кагышкан скутерчи мүрт кетти. Видео