Бишкектин эки жол инспектору коррупцияга шектелип кармалды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Бишкек ШИИБдин патрулдук милиция башкармалыгынын инспекторлору кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, К.Н.К. жана Р.у.Т. аттуу инспекторлор кыргызстандык жарандын унаасын айып короого киргизбөө үчүн 27 миң сом алышкан.
"Шектүүлөр кийин жарандын баасы 13 миң долларды түзгөн автоунаасын убактылуу пайдалануу үчүн мыйзамсыз алып коюшкан. Инспекторлордун иш кабинеттеринде тинтүү жүргүзүлүп, мыйзамсыз аракеттерин тастыктаган буюмдар табылып алынган", — деп айтылат маалыматта.
Эки инспектор тең Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Коррупционерлер мамкызматка бара албайт. УКМК сунуштаган мыйзамдын чоо-жайы