18-сентябрга карата аба ырайы

18-сентябрда республиканын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Шаршембиде өлкөнүн тоолуу райондорунда жаан жаашы болжолдонду. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 22…27, Талас облусунда 19…24, Нарын өрөөнүндө 21…26, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 26…31, Ысык-Көл жеринде 17…22 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте 25…27, Ош шаарында 29…31 градусту көрсөтөт.
Күн кескин сууктайбы? Октябрга карата аба ырайы