Манасчыларды, төкмө акындарды, Улуу Ата мекендик согуш баатырларын даңазалаган. Үмөталиевди эскерүү

Sputnik
Темиркул Үмөталиев өзүнүн балалык учурундагы оор күндөрдү, алгачкы билимге умтулган мезгили жөнүндө "Туура тарбия — турмушка жол", "Кылчайып артка карасак", "Өткөн өмүр, баскан жол" деген эскерүүлөрүндө кеңири баяндап кеткен. Ал Манастын кагаз бетине түшүшүнө, Токтогул баштаган төкмө акындардын даңазаланышына, Алыкул Осмонов өңдүү акындардын “Жолборс терисин жамынган баатыр” өңдүү котормолорунун жаралышына себепчи болгон инсан. Аны ичи тардыкты билбеген кең пейил, мекенчил жана абдан таланттуу инсан болгон дешет.
Байбичеси Зуураны өмүр боюу “Зукеш” деп эркелетип, үйүнөн конок кетпей, дасторкону жыйылбаган меймандостугу жана чыгармаларын Айтматов баштаган жазуучулар баалаганы айтылды.