Эмгек миграциясы. Аялдардын эмгек миграциясы кандай тобокелчиликтерге алып келет?

Sputnik
Эгемендик жылдарында ар бир төртүнчү кыргызстандык же кеминде миллион киши Россия, Казакстан, Түркия баштаган чет өлкөлөргө жумуш издеп чыгып кетет. Өлкөдө тышкы миграциянын темпи жогору. Анткени жумушсуздук көйгөйү толугу менен жоюла элек. Айымдар дүйнөнүн көпчүлүк мамлекеттеринде иштеп келишет. Алардын көпчүлүгү кеткен негизги өлкө Россия эсептелет. Аялдардын миграция маселелери расмий статистикада дайыма эле чагылдырыла бербейт. Болжол менен миграциялык агымдын канча пайызын аялдар түзөт? Чет жактагы аялдар кандай кызматтарда эмгектенишет? Аялдардын эмгек миграциясы кандай тобокелчиликтерге алып келет? Укуктары сакталабы?
Бул суроолорго жоопту “Көз мончок” берүүсүнөн уга аласыздар.