Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Борбор Азия чөлкөмүндө өнүгүү үчүн бардык шарттар бар. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Астанада өтүп жаткан "Борбор Азия — Германия" саммитинде билдирди. Өлкө башчы Борбор Азия жаратылыш ресурстарына, анын ичинде сууга, металлдын бардык түрлөрүнө, "жашыл" энергетикага, эмгекчил жана жогорку билимдүү адамдарга бай экенин белгиледи. Ал белгилегендей, региондун тоолуу экосистемасы климаттын өзгөрүшүнөн улам зыян тартып жатат. Мисалы, соңку 70 жылдын ичинде Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн аянты 16 пайызга кыскарган. Ал эми кылымдын соңунда өлкө мөңгүнүн 80 пайыздан ашыгын жоготуп алышы мүмкүн. Президент Германия дагы климаттын өзгөрүшүнө чоң көңүл буруп жатканын кошумчалады. Ал немец тарап менен биргеликте Бишкек шаарында энергия менен ресурс үнөмдөөчү технологияларды ишке киргизүү боюнча аймактык борбор түзүүнү сунуштады.
Баткенде кыргыз-тажик чек арасын тактап жаткан өкмөттүк топтор жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинети кабарлады.Маалыматка ылайык, 11-сентябрдан 17-сентябрга чейин өткөн жолугушууга кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын укуктук маселелер боюнча адистери жана топографиялык жумушчу топтору катышкан. "Бул жолугушуунун алкагында тараптар калган тилкелерде кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүшүн сыпаттоо боюнча сунуштар менен алмашышты. Иш Тажикстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда улантылат", — деп айтылат маалыматта.
Жогорку Кеңештин транспорт жана коммуникация комитети соцтармак аркылуу бирөөгө жалаа жапкандарга ири өлчөмдө айып салуу боюнча мыйзам долбоорун жактырды. Бийлик Укук бузуу кодексин жаңы берене менен толуктоону сунуштап жатат. Анда ЖМК аркылуу же соцтармакта адамдын кадыр-баркын тебелегени үчүн 100 миң сом айып салынат. Министрлер кабинети жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет булактары аркылуу адамды мазактоо жана кемсинтүү фактылары көбөйгөнүн белгилеген. "Азыркы мыйзам боюнча, күнөөнү далилдөө татаал жана юридикалык ченемдердин ар кандай чечмеленишинен улам көптөр жазасыз калууда. Бул өз кезегинде чыр-чатактардын күчөшүнө, адамдар аралык мамилелердин начарлашына жана коомдук туруктуулуктун бузулушуна алып келиши мүмкүн", — деп жазылган мыйзам долбоорунун негиздемесинде. Жарандардын кайрылууларын Маданият министрлигинин алдындагы мониторинг борбору карайт. Эгер киши айыпка макул болбосо сотко кайрыла алат. Мыйзам кабыл алынса Маданият министрлиги айып пул салуу маселесин ийне-жибине чейин жөнгө сала турган мыйзам алдындагы актыны кабыл алат. Талкуудан кийин көпчүлүк депутаттар мыйзам долбоорун колдоду. Экөө "каршы" деген добуш берди.
Анкара мэриясы Бишкектеги Ататүрк сейил багын реконструкциялап берет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, 16-сентябрда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Анкара шаарынын мэри Мансур Яваш менен жолугушкан. Анда тараптар муниципалитет делегациясынын июлда Бишкекке жасаган иш сапарынын жыйынтыгын талкуулашты.Мансур Яваш Ататүрк паркын реконструкциялоо долбоору боюнча шаардык кеңештин макулдугун алганын айтты.Жыйынтыгында Бишкек мэринин Анкарага иш сапарын уюштуруу макулдашылганы айтылды.