Балдардын хирургиялык ооруларынын кескин өскөнү эмне менен байланыштуу?

Sputnik
Химиялык каражаттардан күйүк алып кайрылган наристелердин арасында идиш жуугуч затты билбей ичип алып кызыл өңгөчү күйгөн балдар биринчи орунга чыкты. Анын курамы щелочтон тургандыктан күйүктүн эң оор абалына кептейт. Балдардын киндик грыжасы, омфалит, химиялык күйүккө чалдыккан балдардын ата-энелери эмнелерди билүү керек? №3 шаардык балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Данияр Шайбеков тажрыйбасы, кеңештери менен бөлүштү.