Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Айыл башчы үчүн квалификациялык талаптар жана критерийлер аныкталууда. Тийиштүү жобону Мамлекеттик кадр кызматы иштеп чыгып, коомдук талкууга жайгаштырды.Анда административдик-аймактык реформанын алкагында бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилгени белгиленген. Ага ылайык, айыл өкмөт башчысынын чечими менен өзүнчө жайгашкан калктуу конуштардагы маселелерди чечүү максатында келишимдин негизинде айыл башчы жалдап алышы мүмкүн. Ошондой эле айыл башчынын милдеттери жана функциялары айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан аныкталары белгиленген. "Административдик-аймактык реформанын алкагында айыл өкмөтүнүн аппараты кыскаргандыктан айыл башчы, тиешелүү айылда/айылдарда маселелерди комплекстүү чече турган негизги фигура болот. Ушундан улам республика боюнча айыл башчы кызмат ордуна талапкерлерге негизинен бирдей квалификациялык талаптарды, критерийлерди жана милдеттерди иштеп чыгуу зарылчылыгы келип чыкты", — деп жазылат негиздемеде.
Төрөлгөн ымыркайларды каттаган маалыматтык системаларды интеграциялоо боюнча долбоор дүйнөдөгү 20 мыкты санариптик демилгенин катарына кирди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, мындай чечим эл аралык SDG Digital Game Changers сынагынын жыйынтыгы боюнча белгилүү болгон."Аталган долбоор май айында башталып, Саламаттык сактоо министрлиги жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан активдүү колдоого алынган. Максаты — жаңы төрөлгөн балдарды толук документтештирүү. Эми ымыркай төрөлгөнү тууралуу маалымат төрөт үйлөрүнөн түздөн-түз Санариптик өнүктүрүү министрлигине түшүп, эгерде 60 күн ичинде ата-энелер туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу үчүн кайрылбаса социалдык кызматкерлер кабардар болуп, каттоодо жардам беришет. Долбоор ишке киргизилгенден бери өз убагында каттоого алынбаган 1 200 баланын 600ү туулгандыгы тууралуу күбөлүк алды, калгандары боюнча иштер уланууда", — деп айтылат маалыматта.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Музыка ишмерлер союзу менен биргеликте улуттук музыкалык аспаптарды жасаган усталар арасында сынак жарыялады.Конкурс комуз, кыл кыяк, темир ооз комуз жасаган усталардын арасында өтмөкчү."Сынак кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын, маданий мурастарын сактоо жана жайылтуу, улуттук музыкалык аспаптарды жасаган усталарды колдоо, аспаптардын сапатын жогорулатуу максатында уюштурулду", — деп билдирди министрлик.Талап боюнча, усталар жасап бүткөн, колдонууга даяр аспаптарын көрсөтүүсү зарыл. Ал эми Карамолдо менен Алымкулдун комузунун аутенттүүлүгүн тапкан аспаптын үнүнө, жасалгасына жаңылык киргизген усталарга артыкчылык берилет.
Программалык камсыздоо боюнча адистешкен дүйнөлүк Oracle Corporation компаниясынын башкаруучулар кеңешинин төрагасы жана башкы техникалык директору Ларри Эллисон ааламдагы эң бай адамдар боюнча түзүлгөн Forbes рейтингинин экинчи тепкичине көтөрүлдү. РИА Новости ал Amazon ээси өтө бай Жефф Безостон ашып кеткенин жазды.Forbes Real-Time Billionaires берген маалыматка караганда, Эллисондун байлыгы бир сутка ичинде 9,4 миллиард долларга көбөйүп, баш-аягы 207,1 миллиардга жеткен.Жефф Безос жогорудагы рейтингдин үчүнчү баскычына түштү. Тагыраагы, акчасы 1,5 миллиард долларга азайып, 202,9 миллиард болгон. Биринчи орунда мурдагысындай эле 251,1 миллиард доллары менен Илон Маск турат.