Ысык-Көлдө тогуз жаштагы кызды зордуктап, сабап кетишкен

Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Барскоон айылында тогуз жашар кызды зордуктап, сабап кетишкен. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Жабырлануучунун апасы милицияга арыз менен 9-сентябрда кайрылган. Факт боюнча кылмыш иши козголгон.
"19 жаштагы Э.Э. жана 25 жаштагы О.А. кармалып, бардык керектүү экспертизалар дайындалды. Шектүүлөр эки айга камакка алынды", — деди ОИИБ.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
ТИМ кыргызстандык ММА мушкерине Таиландда иш козголгонун тастыктады