БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Владимир Зеленский Украина азырынча батыш куралын Россиянын тереңине сокку уруу үчүн пайдаланууга уруксат ала электигин айтууда. Бул тууралуу ал CNN телеканалына маек куруп билдиргенин РИА Новости жазды.
Буга чейин аталган маселе боюнча АКШ президенти Жо Байден менен Улуу Британиянын премьери Кир Стармер жолуккан. Бирок сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Ак үй тараткан билдирүүдө Россиянын түпкү аймактарына чабуул коюуга уруксат берилип-берилбегени айтылган эмес.
Россиянын позициясы
Бейшемби күнү РФ президенти Владимир Путин НАТОдо Украинанын Батыш берген курал-жаракты колдонуусу эле эмес, жаңжалга түз аралашуусу да талкууланып жатканын эскерткен. Өлкө башчынын айтымында, Киев режими бүгүнкү күндө деле Россиянын аймагына дрон жана башка каражаттар менен сокку урууда. Ал эми Батыштын өндүрүшүнөн чыккан жогорку тактыктагы курал-жаракты колдонуу тууралуу сөз болгондо Путин мындай операцияларга альянс мамлекеттеринин аскерлери да катышарын, анткени ракеталык системаларга учуу тапшырмаларын ошолор гана бере аларын белгиледи.
РФ лидери Батыштын Украина жаңжалына тикелей аралашуусу атайын операциянын маани-маңызын өзгөртүп, НАТО — АКШ мүчөлөрү, европалык мамлекеттер Россия менен согушууда дегенди түшүндүрөрүн эскертти. Анын айтымында, мындай жагдайда Москва пайда болгон кооптуулуктарды карап чечим кабыл алууга аргасыз болот.