Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Киев көзөмөлүндө турган аймактагы балдар мекемесин аткылоо сценарийин түзүүдө

Киев жетекчилиги мындай ыкма аркылуу Россиянын түпкүрүнө чабуул жасоого Батыштын уруксатын алууну көздөп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Украина АКШнын жардамы менен Киев көзөмөлдөп турган аймактардагы балдар мекемелерине Россия сокку урду деген сценарий менен аткылоо уюштурууга ниеттенип жатат. Бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье Россиянын Тышкы чалгын кызматына таянып билдирди.
"Украина "Россия ракета кое берди" деген сценарий менен Киев көзөмөлдөп турган аймактардагы балдар мекемелерин — бала бакча же оорукананы аткылоого ниеттенип жатат. Анда курмандыктардын саны көп болушу каралган", — деп айтылган маалыматта.
Агенттиктин айтымында, Киев жетекчилиги мындай ыкма аркылуу Украина армиясына дем берип, Батыштын Россиянын түпкүрүнө алардын куралы менен чабуул жасоого койгон чектөөсүн алдырууга аракеттенүүдө. Андан сырткары, Глобалдуу Түштүк тобуна кирген өлкөлөрдүн колдоосуна ээ болуу ниети бар.
Кошмо Штаттар бул чагымды Иран жана Түндүк Америкага басымды күчөтүү үчүн жасоону пландап жатат, себеби жаманатты кылган чабуул алардын ракетасы менен ишке ашырыларын айтышууда.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Киевдин Белгородго урган соккусунан 19 адам жабыркады, арасында балдар да бар