Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Батышта Россиянын "кызыл чийинин" моюндабагандарга эскертүү берилди

Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Россиянын "кызыл чийини" жөн гана айтылган кеп деген эксперттер катуу жаңылышат. Мындай пикирин ирландиялык журналист Чей Боуз X социалдык тармагында билдиргенин РИА Новости агенттиги жазды.
Боуз эксперттер Россияда ракеталар түгөнүп, армиясы жеңилди, өлкө өзү эл аралык чектөөлөрдөн, Батыштын санкцияларынан жапа чегип жатат дегенге элди ынандырууга аракет кылышканын жазган.
"Бардык нерселер тууралуу калп айтышууда, азыр да алдап жатышат", — деген журналист.
Сентябрдын башында Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Россиянын "кызыл чийини" тууралуу чындыкка дал келбеген түрдүү кептерди айта бербөөгө чакырган. Дипломат ал сызыктар кайсы жерлер аркылуу өтөрүн Вашингтон жакшы биле турганын кошумчалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Блинкендин Россия тууралуу сөзүнөн кийин АКШда күтүүсүз билдирүү жасашты