Кыргызстандын төрт шаарындагы эттин баасы айтылды

Базарда эт саткан жер. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы өлкөдөгү төрт шаардагы эттин баасына мониторинг жүргүздү.
Ага ылайык, учурда баалар төмөнкүдөй:
Бишкекте уй эти — 600–650 сом/кг, павильондордо жана базарларда айырма бар;
Таласта — 490–520 сом (базар), 490–510 сом (жабык соода түйүндөрү), 520 сом (павильондор), 500 сом ("Глобус"); кой эти — 550–560 сом (жабык павильондор);
Караколдо — 480–550 сом, кой эти — 530–550 сом;
Нарын — 560–590 сом (базар), 550–580 сом ("Глобус").
"Мал жакага октябрда түшө баштайт, бул баага таасир этиши мүмкүн", — деп билдирди ведомство.
Эске салсак, соңку айда базарларда эттин баасы кымбаттап, Бишкекте 680 сомдон 800 сомго чейин сатылып жаткан. Анын себептерин Монополияга каршы кызмат санап берген.
Сатуучу эт базарында. Архив
Пресс-борбор
Министрлик эттин кымбатташы боюнча айтылган билдирүүлөргө жооп берди