Садыр Жапаров Казакстанда Олаф Шольц менен кездешет

Өлкө башчы Борбор Азия — Германия мамлекет башчыларынын экинчи жолугушуусуна катышат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров 17-сентябрда Казакстанга иш сапары менен барат.
Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиевдин маалыматына ылайык, өлкө башчы Борбор Азия — Германия мамлекет башчыларынын экинчи жолугушуусуна катышат.
"Сапардын алкагында мамлекет башчысы Борбор Азиянын жетекчилери жана Германиянын канцлеринин экинчи жолугушуусуна катышат. Тараптар регионалдык күн тартибинин актуалдуу маселелерин, анын ичинде өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө Борбор Азия регионунун Германия менен кызматташуусун кеңейтүүнү талкуулашат", — деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле Садыр Жапаров немец ишкерлери менен жолугушууларга катышып, Германиянын канцлери Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөрү белгиленди.
Кыргызстан менен Россия геология жаатында кызматташууну макулдашты