Кыргызстан менен Россия геология жаатында кызматташууну макулдашты

"Кыргыз геология" менен Бүткүл россиялык геология илим-изилдөө институтунун ортосунда кызматташуу келишимине кол коюшкан.
Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын ортосунда геология жаатында кызматташуу макулдашылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, КМШнын өкмөттөр аралык кеңешинин 27-жыйынында "Кыргыз геология" мамлекеттик ишканасы менен Карпинский атындагы Бүткүл россиялык геология илим-изилдөө институтунун ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлган.
Макулдашуунун негизги пунктулары:
2024-жылга карата Кыргыз Республикасынын минералдык ресурстарынын картасын түзүү;
Кыргыз Республикасынын жер казынасынын санариптик көчүрмөсүн түзүүгө даярдык көрүү;
Карпинский институтунун базасында "Кыргыз геология" ишканасынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу;
Кыргызстан менен Россиянын жаш геологдорунун биргелешкен экспедицияларын уюштуруу;
Кыргыз Республикасында геопарктарды түзүү жана өнүктүрүү.
Зарылдык болсо беш жылдан кийин келишимдин мөөнөтү узартылары кошумчаланды.
Ысык-Көлдөгү VI Кыргыз-Россия экономикалык форуму
Россиянын "Росатом" компаниясы Ысык-Көлгө ири объект курат. Видео