Алдыдагы шайлоолорго "Ата-Журт" партиясы катышпайт. Ташиев себебин түшүндүрдү

УКМК төрагасы "Ата-Журт" партиясын анын ысымы менен байланыштыра бергендиктен ушундай чечимге келгенин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. 17-ноябрдагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого "Ата-Журт" партиясы катышпайт. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев соцтармактагы баракчасына жазды.
Атайын кызматтын жетекчиси аталган партияны анын ысымы менен байланыштырышкандыктан ушундай чечимге барганын жазган.
"Мамлекеттик кызматта отуруп алып партияны бул шайлоого катыштырсам туура эмес болуп калат. Керек болсо 2026-жылкы парламенттик шайлоого дагы катыштырбаймын", — деген УКМК төрагасы.
Ал эми 2021-жылы партиянын шайлоого катышкан себебин "ошол убакта ырп эткенге убакыт жок иш менен алек болуп жүрүп, шайлоого деле көңүл бурулбай, партия мүчөлөрү суранганда макул болуп койгону" менен түшүндүргөн.
"Эми мындан ары "Ата-Журт" партиясы шайлоолорго катышпайт. Ошондуктан, урматтуу "Ата-Журт" партиясынын мүчөлөрү жана тарапташтары! Сөзсүз эле "Ата-Журт" партиясы менен депутат болуп келишиңер милдет эмес. Өзүңүздөр каалаган, көңүлүңүздөргө жаккан, эл үчүн күйүп-бышып иштеп бергенге даяр болгон партиялар менен шайлоого катышыңыздар. Кайсы партия менен шайланып келсеңер дагы эл үчүн иштеп берериңерге терең ишенем", — деген Ташиев.
Соңунда ал шайлоочуларга коррупцияга жана криминалдык чөйрөгө тиешеси жок талапкерлерди тандоону сунуштаган.
Эске салсак, президент Садыр Жапаровдун буйругу менен 17-ноябрда 249 жергиликтүү кеңеште шайлоо өткөрүлөт.
Радио
Жумалиева: эми жергиликтүү кеңештерде да майыптарга квота каралат