Күрөш федерациясын Эркин Тентишев жетектемей болду

Бул кызматты ээлеп турган Мелис Турганбаев 4-сентябрда өз эрки менен федерациядан кеткенин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Күрөш федерациясынын президенти болуп Эркин Тентишев шайланды. Бул тууралуу федерациянын соцтармактагы баракчасында кабарланды.
Мындай чечим спорттук уюмдун 14-сентябрдагы жыйынында кабыл алынган.
Эркин Тентишев 2021-жылы марттан баштап бир жыл Чүй облусун жетектеген. Кийин ал өлкө башчынын коомдук башталыштагы кеңешчиси болгону кабарланган.
Эске салсак, бул кызматты ээлеп турган Мелис Турганбаев 4-сентябрда өз эрки менен федерациядан кеткенин жар салган.
Коррупционерлер мамкызматка бара албайт. УКМК сунуштаган мыйзамдын чоо-жайы