Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

“Торугарт” жана “Эркеч-Там” өткөрмө пунктулары кытай тараптын демилгеси менен убактылуу жабылары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. 17-сентябрда кыргыз-кытай чек арасы бир күнгө жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, чек ара Кытай тараптын демилгеси менен жабылууда.

“Кытайда “Күздүн ортосу майрамын” белгилөөгө байланыштуу “Торугарт” жана “Эркеч-Там” өткөрмө пунктулары 17-сентябрда убактылуу жабылат”, — деп айтылат маалыматта.

Аталган көзөмөл-өткөрмө пунктулары аркылуу адамдарды, транспорттук каражаттарды жана жүктөрдү өткөрүү 18-сентябрдан тарта жанданары кошумчаланды.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Кең-Сай", "Үч-Коргон" өткөрүү бекеттери ачылды