Кеминде мурда колбаса өндүрүлүп келген ишкана мамлекетке кайтарылды

Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Чүй облусунун Кемин районунда базар баасы 119 миллион 937 миң сомду түзгөн мурдагы касапкана жана колбаса чыгаруучу ишкана жери менен мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
1 / 3

Чүй облусунун Кемин районунда базар баасы 119 миллион 937 миң сомду түзгөн мурдагы касапкана жана колбаса чыгаруучу ишкана жери менен мамлекеттин балансына кайтарылды

2 / 3

Маалыматка караганда, аймак мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик объектилерди табуу жана кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында аныкталган

3 / 3

УКМК мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештирүү фактыларын аныктоо боюнча иштерди улантууда

Маалыматка караганда, аймак мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик объектилерди табуу жана кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында аныкталган.
"Аталган объектини 1995-жылы айрым кызмат адамдары жеке менчигине алып, бүгүнкү күнгө чейин өз кызыкчылыктары үчүн пайдаланып келген", — деди атайын кызмат.
УКМК мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештирүү фактыларын аныктоо боюнча иштерди улантууда.
Баткендеги 92 млн. сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды