Аскердик күчү жагынан Россиянын жеңилбеси анык. Токаев Шольц менен жолукту

Токаев жаңжал күчөсө Россия-Украина чатагына түздөн-түз тиешеси бар мамлекеттер үчүн өтө оор болорун айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Аскердик көз караш менен алганда Россиянын жеңилбеси анык. Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Астанада Германия канцлери Олаф Шольц менен жолугушуу учурунда билдиргени Sputnik Казакстан жазды.
Өлкө башчы коногунун өтүнүчү менен Украинанын айланасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча пикирин билдирген.
Токаев жаңжал мындан ары күчөсө кесепети адамзатка, өзгөчө Россия-Украина чатагына түздөн-түз тиешеси бар мамлекеттер үчүн өтө оор болорун белгиледи.
"Тилекке каршы, Стамбул келишиминен баш тартып, тынчтыкты орнотууга ыңгайлуу мүмкүнчүлүк колдон чыгып кетти. Бирок дагы да мүмкүнчүлүктөр бар. Мамлекеттердин тынчтык демилгелерин кылдаттык менен карап чыгуу жана согушту токтотууну макулдашуу зарыл. Андан кийин аймактык маселелерди талкуулаган оң. Менимче, Кытай менен Бразилиянын тынчтык планы колдоого татыктуу", — деди Токаев.
Ошондой эле ал президенттер келип-кетерин, ал эми эл, өзгөчө кошуна өлкөлөр ынтымакта жашашы керектигин белгилеген.
Садыр Жапаров Казакстанда Олаф Шольц менен кездешет