Чолпон-Ата менен Анталиянын ортосунда боордоштук байланыш түзүлдү

Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Жума күнү Чолпон-Ата жана Анталия шаарларынын ортосунда боордоштук шаар байланыштарын түзүү боюнча протоколго кол коюлганын КР Тышкы иштер министрлиги билдирди.
1 / 3

Жума күнү Чолпон-Ата жана Анталия шаарларынын ортосунда боордоштук шаар байланыштарын түзүү боюнча протоколго кол коюлганын КР Тышкы иштер министрлиги билдирди

2 / 3

Бул Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы мамилелерди бекемдөө жана пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү жаңы этап экени белгиленди

3 / 3

Кыргызстандын Анталиядагы башкы консулу Рустам Кошоновдун айтымында, протокол биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт

Бул Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы мамилелерди бекемдөө жана пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү жаңы этап экени белгиленди.
"Шаарлардын ортосундагы кызматташтык ар кандай чөйрөлөрдө, анын ичинде туризм жана инфраструктуралык долбоорлорго инвестиция тартуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Келечекте шаардык инфраструктурага жана жээктерди өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашууга өзгөчө көңүл бурулат", — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстандын Анталиядагы башкы консулу Рустам Кошоновдун айтымында, протокол биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.
Кыргыз-түрк ооруканасына Режеп Тайип Эрдогандын ысымы ыйгарылды