Бийлик Бишкектин четине Манас шаарын курууну пландап жатат

Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Чүй районунун Ленин айылына соода-логистикалык Манас шаарын куруу пландалып жатат. Кыргызстандын министрлер кабинети Кыргыз-Кытай инвестициялык холдинги менен келишимди бекитти.
Аламүдүн районунун акимине 456 гектар жерди 49 жылга берүү тапшырмасы коюлду. Башкаруучу компаниянын 51 пайызы (үлүштөрү) инвесторго, 49 пайызы министрлер кабинетине таандык болот. Шаардагы турак жайдын 10 пайызы мамлекетке өткөрүлөт.
Буга чейин Акылбек Жапаров кытайлык делегация менен жолугуп, долбоор боюнча келишимге кол коюлган. Инвестициянын көлөмү 700 миллион долларды түзөт. Анын ичине соода шаары, эл аралык көргөзмө борбору, кампа жана логистикалык борбор, ири жабдуулардын базарлары, турак жай жана мейманкана комплекстери кирет.
Чолпон-Ата менен Анталиянын ортосунда боордоштук байланыш түзүлдү