Радио

Омокеев: адабий курска жогорку билими барлар кабыл алынат

Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору, акын Улукбек Омокеев аталган окуу жайдын базасында адабий курс ачылып жатканын айтты.
Sputnik
Адабий курстун окуу мөөнөтү эки жыл. Бул тууралуу Улукбек Омокеев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, адабий курска жогорку билими бар жазмакерлер кабыл алынат.
"Биздин окуу жайда ачылып жаткан адабий курсту алгач Маданият министрлигинин алдында институт кылып түзүү пландалган болчу. Бирок азырынча биздин окуу жайга караган эки жылдык курс болуп ишин баштоодо. Ага мурда-кийин жазып жүргөн жогорку билими бар адамдар кабыл алынат. Сынактан өтүшөт. Чыгармаларын алып келип көрсөтүшөт. Адабий курс келишимдик негизде, баасы 50 000 сом. Азыр бизге жаңы эле мектепти бүткөн жаш улан-кыздар да чалып, кабыл алууну өтүнүп жатышат. Бирок бизде азырынча жогорку билими барлар гана окуй алат", — деди Омокеев.
Ал окуу кечинде жүргүзүлөрүн кошумчалады.